Кудайберген Базарбаев: Санариптик өнүгүү - бул мамлекеттик кызматтын жаңы стандарты

Загрузка... 01 Май 2025 08:47
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик

Бишкек, 01.05.25. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баштаган агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарындагы “IT Хаб — Технопаркка” ишмердүүлүгү менен таанышты.

Агенттиктен билдиришкендей, сапардын негизги максаты — Технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышып, бул жерде колдонулган стандарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат саясатын негиздөөдө дагы натыйжалуулугун көтөрүү максатында колдонуу болуп эсептелет.

"Бүгүнкү күндө санариптик технологиялар жөн эле тренд эмес, бул мезгилдин талабы! Демек мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө санариптик технологиялардын орду чоң, санариптик жетишкендиктер менен кызматташтык келечеги тууралуу маалымат алуу негизги максат болду", - деди Базарбаев.

Агенттиктин өкүлдөрүн Технопарктын сатуу бөлүмүнүн директору Шахтыбеков Анвар жана “Кыргыз ТехноВумен” коомдук фондунун директору Айпери Касымбекова тосуп алып, имараттын инфраструктурасы, резидент-компаниялар, лабораториялар жана окутуу борборлору тууралуу кеңири маалымат берди. Делегация мүчөлөрү “IT Хабда” иш алып барган IT стартаптардын иши менен таанышып, программалоо жана маалымат технологиялары боюнча өтүлүп жаткан курстар тууралуу да маалымат алышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен биргеликте аткарылып жаткан кызматташтык долбоорлору көрсөтүлдү.

Айпери Касымбекова белгилегендей, IT Хаб дын негизги максаты — Кыргызстанда IT чөйрөсүнүн өнүгүшүнө шарт түзүү, жаштарды заманбап кесиптерге окутуу жана инновациялык долбоорлорду колдоо болуп саналат.

“Бул борбор буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан расмий түрдө ачылган. Ал эми 20-апрелде биринчи айым Айгүл Жапарова дал ушул жерде өткөн “Санарип көндүмдөрү баары үчүн: жаңы жүздөр” аттуу эл аралык форумга катышкан. Бүгүн министрликтер менен агенттиктердин ичинен биринчи болуп сиздердин келип жатканыңыздар биз үчүн өзгөчө мааниге ээ,” — деп белгиледи Айпери Касымбекова.

Өз кезегинде агенттик директору Кудайберген Базарбаев санариптик өнүгүү мамлекеттик башкаруу үчүн негизги багыттардын бири экенин белгилеп өттү:

“Санариптик өнүгүү — бул мамлекеттик кызматтын жаңы стандарты. Биз азыр мамлекеттик башкарууда санариптик трансформациянын активдүү баскычына өттүк. Ар бир кадам, ар бир долбоор – бул келечектеги натыйжалуу, ачык-айкын жана жаранга багытталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жакындашуу. Өзгөчө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн санариптик системалардын туруктуу жана натыйжалуу иштеши өтө маанилүү,” — деди Базарбаев.

Ошондой эле ал "IT Хаб" сыяктуу борборлор менен мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташуусу — кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик башкарууну модернизациялоо үчүн маанилүү платформа экенин кошумчалады.

Бул жолугушуу агенттик менен санариптик сектордун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзүп, мамлекеттик кызматкерлерди заманбап технологиялык процесстерге тартууда маанилүү кадам болуп эсептелет деп ишенебиз.

IT Хаб дын ишмердүүлүгү менен таанышуунун аягында агенттиктин кызматкерлери үчүн Айпери Касымбекованын “Санариптик коопсуздук” аттуу лекциясы өткөрүлдү.

Агенттиктин бул багытта алып барган ишмердиги толугу менен илимий жана техникалык жетишкендиктер менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди башкаруудагы жүргүзүлгөн саясаттын эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган!