Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш ишинин алкагында мамлекетке жалпы баасы 15 млн долларды түзгөн мүлктү өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызматтын тергөө башкармалыгы Бишкек шаарындагы жер тилкелерин берүүдө катталган коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтеген.
Тергөөдө К. Конгантиев Бишкек мэриясынын жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиясынын мүчөсү болуп турган учурда кызматтык ыйгарым укуктарын өзүнүн жана байланышы бар адамдардын кызыкчылыгына пайдаланганы аныкталган.
Ишти кароо учурунда мурдагы депутат күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташкан жана мамлекетке курулуп жаткан "Роял Констракшн" компаниясынын объектилериндеги жалпы аянты 6500 чарчы метр болгон турак жай жана коммерциялык жайларды өткөрүп берген.
Өткөрүлүп берилген мүлктүн базар баасы 15 млн долларды же Улуттук банктын курсу боюнча 1 млрд 311 млн 750 миң сомду түзгөн.
Ленин райондук сотунун 2026-жылдын 15-июлундагы өкүмү менен Кубанычбек Конгантиев КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин пайдасына 500 миң сом айып пул салынган.