Бишкек, 23.08.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым Укуктуу лчиси, дипломатиялык кызматтын ардагери, эмгек сиңирген экономист Мукун Асейинович Асейинов сексен алты жаш курагында 2026-жылдын 22-августунда дүйнөдөн кайтты.
Мукун Асейинов 1941-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында жарык дүйнөгө келген. Ал Фрунзедеги советтик соода техникумун (1959-ж.), Москва кооперативдик институтун (1965-ж.), Комсомолдун Бүткүлсоюздук уюмунун Борбордук комитетинин мектебин (1963-ж.), Коммунисттик партиянын Бүткүлсоюздук уюмунун Борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектепти (1974-ж.), СССР Эл чарба академиясын (1985-ж.) аяктаган.
Эмгек жолун 1959-жылы Каракол шаардык соода тармагында бухгалтер болуп баштап, 1961–1966-жылдары Комсомолдун Пржевальск шаардык комитетинин экинчи, биринчи катчысы, 1966–1968-жылдары Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин сектор башчысы, 1968–1970-жылдары Комсомолдун Фрунзе шаардык комитетинин экинчи катчысы болуп иштеген. 1970-жылдан тартып партиянын Фрунзе шаардык комитетинин инструктору, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин пландоо жана финансы органдары бөлүмүнүн инструктору, уюштуруу бөлүмүнүн инспектору болгон. 1977–1979-жылдары Талас облусунун Киров райондук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1980-жылы Талас облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1981–1985-жылдары Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун төрагасынын орун басары, 1985-жылы партиянын Тянь-Шань райондук комитетинин биринчи катчысы, 1986-жылы Кыргыз CCP Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1987–1991-жылдары биринчи орун басары, 1991-1996-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, 1996–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жанa Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматтарын аркалаган. Элчилик кызмат менен катар Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы (ЭКУ) туруктуу өкүлүнүн милдетин ийгиликтүү аткарган. 2012-жылы Мукун Асейинов Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп дайындалып, тажрыйбалуу дипломат катары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамилелердин түзүлүшүнө өбөлгө болгон.
Мукун Асейинов 1986-1991-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты катары мыйзам чыгаруу жаатында да үзүрлүү эмгектенген.
Мукун Асейинов партиялык, мамлекеттик, дипломатиялык жогорку жооптуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенип Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзүнүн зор салымын кошкон. Айрыкча анын Кыргызстандын Ирандагы Элчиси катары эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоодогу дипломаттык ишмердиги өзгөчө айтууга арзыйт.
Мукун Асейиновдун мамлекеттин жана элдин алдындагы талыкпаган эмгеги жогору бааланып, үчүнчү даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Ал “Кыргыз Республикасын эмгек сиңирген экономисти” деген ардак наамынын ээси болгон.
Мукун Асейиновдун ар бир кызматка карата жоопкерчиликтүү мамилеси жана иштин көзүн билген бай тажрыйбасы, мамлекет алдында сиңирген эмгеги элдин эсинде дайыма сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, А.Дж. Джумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Д.Дж. Амангельдиев, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев, Ж.М. Кулубаев, С. Абдумуталип, Т.Ч. Чынгышев, Ж.Т. Түмөнбаева, Т.И. Ишемкулов, М.М. Кидибаев жана башкалар.