Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Грециянын Крит аралында экинчи күн катары менен уланып жаткан токой өрттөрүнөн үч өрт өчүрүүчү каза болду.
АЗЕРТАЖ агенттиги билдиргендей, алардын экөө Критте, дагы бири Пелопоннес аймагында кызматтык милдетин аткарып жатып набыт болгон. Дагы эки өрт өчүрүүчү жеңил жаракат алды.
Учурда Критте 200дөн ашуун өрт өчүрүүчү, ондогон атайын техника жана өрт өчүрүүчү учактар тилсиз жоону ооздуктоого аракет кылууда. Бирок катуу шамал жана абанын жогорку температурасы өрттү көзөмөлгө алууну кыйындатып, анын жаңы аймактарга жайылышына себеп болууда.
Өрттөн турак жайлар, кампалар, зайтун бактары жана айыл чарба жерлери жабыркап, жүздөгөн жергиликтүү тургундар менен туристтер коопсуз жайларга эвакуацияланды.
Грециянын Жарандык коргонуу кызматы өлкөнүн бир катар аймактарында өрт коркунучу дагы эле жогору бойдон калып жатканын билдирип, жарандарды коопсуздук талаптарын так сактоого чакырды. Ал эми Еврокомиссиянын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо борбору жакынкы күндөрү өзгөчө Греция менен Италияда токой өртүнүн чыгуу коркунучу дагы күчөшү мүмкүн экенин эскертти.