Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду британиялык футбол тууралуу сериалдын аткаруучу продюсери болуп, анда өзү да роль жаратат. Бул тууралуу lenta.ru сайты The Sun басылмасына таянып билдирди.
Тартуу иштери буга чейин эле башталган. Сюжеттин борборунда ойдон чыгарылган футболдук агент болот, анын ролун британиялык актер Дэмиэн Льюис аткарат. Мындан тышкары, сериалда Лондондун “Арсенал” клубунун жана Франция курама командасынын мурдагы чабуулчусу Тьерри Анри да тартылат.
Сериал спорттук драма жанрында комедия элементтери менен тартылат. Долбоорду Роналду Мэттью Вон менен биргеликте жетектеген UR•Marv Studios студиясы жаратат.
Криштиану Роналду учурда Сауд Аравиясынын “Аль-Наср” клубунда ойнойт жана Португалия курама командасынын капитаны болуп саналат. 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатында Португалия курамасы 1/8 финалда Испаниядан 0:1 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеген.