Футбол: Роналду дүйнө чемпионатындагы голдорунун санын 10го жеткирди

Дүйнө 24 июнь 2026 10:00
Футбол: Роналду дүйнө чемпионатындагы голдорунун санын 10го жеткирди

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду дүйнө чемпионатынын тарыхында 10 гол киргизди. Бул тууралуу Чемпионат порталы жазды.

Маалыматка ылайык, Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын K тобунун оюндарынын 2-турунда Өзбекстанды 5:0 эсебинде утуп алды. Оюн АКШнын Хьюстон шаарындагы NRG стадионунда өттү.

Анда Роналду Өзбекстандын дарбазасына эки гол киргизди. Муну менен 41 жаштагы чабуулчунун дүйнө чемпионатынын тарыхында 10 голу бар.

Буга чейин, 1-турда Португалия Конго менен беттешкен. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Бирок Роналду дарбазага гол киргизе алган эмес.