Ала-Букада 94 тургундун жер маселеси тез арада чечилет – президент

Аймак
WhatsApp Image 2026-10-26 at 11.44.05.jpeg
862228556_2306005266853767_9158778767260449200_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-26 at 11.44.05.jpeg
862228556_2306005266853767_9158778767260449200_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуу учурунда Кош-Терек айылынын тургундарынын жер тилкелерине документ алуу маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.

Айыл тургунунун айтымында, 2016-жылы 94 адамга 8 сотыхтан жер тилкеси берилген. Бирок ошол убактан бери жерлердин документтери толук бүтө элек. Тургундарга маселени мунапыс жана жерлерди трансформациялоо жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү айтылган.

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеевдин маалыматына караганда, 2021-жылдын декабрына чейин берилген жерлер боюнча мунапыс иштери жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы жер тилкелеринин абалын жеринен текшерип, эгер ал жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрү өспөсө, маселени тез арада чечүүнү тапшырды.