Кош ИЖН: Жарандарды жеке идентификациялоо маселеси кандай чечилүүдө?

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 17:36
1.webp
copyright icon WWW

Кыргызстанда идентификациялык жеке номерлерди (ИЖН) берүүдөгү каталарды жоюу боюнча системалуу иштер улантылууда. Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин маалыматы боюнча, 300 миңге жакын адамда кош ИЖН маселеси болсо, учурда анын 200 миңи чечилди. Бүгүнкү күндө системада 100 миң 901 кош ИЖН калууда.

ИЖН мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда негизги идентификатор болуп саналат. Системадагы каталар — номердин эки жолу берилип калышы же жеке маалыматтардагы так эместиктер — жарандардын электрондук сервистерди колдонуусуна, документтерди тариздөөгө жана социалдык төлөмдөрдү алуусуна бөгөт коюшу мүмкүн.

2

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жынысын алмаштырууга байланыштуу ИЖНди өзгөртүүгө жол берилбейт. ИЖНди алгачкы ирет берүүдө жыныстык сыр белги (кодировка) колдонулат: аялдар үчүн — "1" цифрасы, эркектер үчүн — "2" цифрасы.

Мыйзамдык база жана оңдоо механизми

ИЖНди берүү жана өзгөртүү бир катар ченемдик-укуктук актылар, анын ичинде "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө", "Жарандарды персоналдаштырылган каттоо жөнүндө" мыйзамдар жана министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №207 токтому менен жөнгө салынат.

Учурдагы тартипке ылайык, техникалык каталар же кош ИЖН аныкталган учурда маалыматтарды ыкчам оңдоо механизми каралган.

3

Жарандар Калкты тейлөө борборлоруна кайрыла алышат, андан кийин "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин тиешелүү бөлүмдөрү маалыматтарды бирден үч жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө иретке келтирет. Эгерде кайрылуу чет өлкөдөгү мекемелерден түшсө, оңдоп-түзөө сегиз жумушчу сааттын ичинде ишке ашырылат.

Кош ИЖНдин пайда болуу себептери

Санариптик өнүктүрүү министрлиги кош ИЖНдердин көпчүлүгү 1990-жылдардагы жана 2000-жылдардын башындагы өткөөл мезгилге байланыштуу экенин белгилейт. Ал кезде бирдиктүү автоматташтырылган база жок болгондуктан, жеке номерлер ар кайсы ведомстволор тарабынан — адегенде Мамлекеттик салык кызматы, кийин Социалдык фонд тарабынан берилип келген.

4

Бул бир эле жаранга бир нече идентификациялык номердин жаңылыш берилип калышына алып келген. 2016-жылдан тарта ИЖН берүү функциясы борборлоштурулуп, учурда толугу менен "Кызмат" мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылат. Паспорт жана башка документтерди тариздөөдө бирдиктүү маалыматтык система аркылуу милдеттүү түрдө текшерүү жүргүзүлөт. Бул каталардын кайталанышын алдын алууга жана мурда пайда болгон дубликаттарды аныктоого мүмкүндүк берет.

Көйгөйдүн көлөмү жана аны чечүү пландары

Кош ПИЖНдер жарандардын жеке кайрылуусу жок эле иштеп жатат. Маалыматтар актуалдаштырылгандан кийин "Кызмат" мекемесинин дареги базада бар жарандарга почта аркылуу билдирүү жөнөтөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги тизмени толугу менен иштеп чыгууну жана кайталанган ИЖНдерди жоюуну 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктоо милдетин койду.

Ведомство бул иш кеңири санариптик трансформациянын бир бөлүгү экенин жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга, жарандардын жеке маалыматтарын коргоого багытталганын баса белгилейт.

5