Кыргызстан табигый кооптуулугу жогору өлкөлөрдүн катарына кирет. Тоолуу рельеф, сейсмикалык активдүүлүк жана климаттын өзгөрүшүнөн улам жыл сайын сел, жер көчкү, кар көчкү жана өрт сыяктуу кырсыктардын саны көбөйүүдө. Айрыкча Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустары жогорку коркунучка дуушар болуп, табигый кырсыктар көп учурда турак жайларга жана инфраструктурага олуттуу зыян келтирет.

Табигый кырсыктар дайыма коркунуч туудурат
Сел жана жер көчкү негизинен жаз-жай мезгилинде нөшөрлөгөн жаан-чачын жана кардын эришинен улам келип чыгат. Кар көчкүлөр тоолуу райондор үчүн коркунуч жаратып, өзгөчө Нарын жана Ош облустарында көп катталып келет. Ал эми жайкы кургакчылык мезгили табигый жана тиричилик өрттөрүнүн тобокелдигин жогорулатып, жеке турак үйлөрдү жана чарбалык курулуштарды каптаган учурлар көп кездешет.
Тийиштүү мекемелердин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жүздөгөн турак жайлар жабыркап же толук кыйроого учурайт. Үйлөрдү калыбына келтирүү чыгымдары, айрыкча алыскы жана айыл жергелеринде жашаган үй-бүлөлөрдү оор чыгымдарга кириптер кылууда.

Камсыздандыруу деңгээли төмөн бойдон калууда
Объективдүү коркунучтарга карабастан, өлкөнүн аймактарында турак жайды камсыздандыруу деңгээли өтө төмөн бойдон калууда. Эксперттердин айтымында, өзгөчө айыл жерлериндеги жеке турак жайлардын басымдуу бөлүгү камсыздандырылган эмес. Мунун негизги себептери - калктын маалымдуулугунун жетишсиздиги, каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болушу жана табигый кырсыктын кесепетин мамлекет толугу менен жабат деген жаңылыш түшүнүк.
Иш жүзүндө мамлекеттик жардам чектелүү мүнөзгө ээ болуп, турак жайды калыбына келтирүүгө кеткен бардык чыгымдарды толук жаппайт. Ал эми камсыздандыруу кыска мөөнөттө каржылык компенсация алууга шарт түзүп, узакка күтүп отурбастан калыбына келтирүү иштерин баштоого мүмкүнчүлүк берет.

Эмне себептен аймактар үчүн камсыздандыруу маанилүү?
Табигый кырсыктар көп катталган аймактар үчүн турак жайды камсыздандыруу негизги коргонуу куралы болуп саналат. Камсыздандыруу полиси - сел, жер көчкү, кар көчкү, өрт, суу каптоо жана башка өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды жаба алат. Бул өзгөчө дарыя жээктерине жакын, тоо капталдарында жана жетүүгө кыйын калктуу пункттарда жайгашкан турак жайлар үчүн актуалдуу.
Мындан сырткары, камсыздандыруу өзгөчө кырдаалдардан кийинки социалдык чыңалууну азайтып, шашылыш жардам үчүн жапырт кайрылгандардын санын кыскартат жана жабыркаган аймактардын туруктуу калыбына келишине өбөлгө түзөт.

Мамлекеттин жана камсыздандыруу компанияларынын ролу
Акыркы жылдары мамлекеттик органдар жана камсыздандыруу компаниялары турак жайды камсыздандыруу системасын өнүктүрүү боюнча бир катар иштерди жасоодо. Социалдык жактан аярлуу катмарлар үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн субсидиялоо механизмдери, ошондой эле жогорку кооптуу аймактарда милдеттүү же шарттуу-милдеттүү камсыздандыруу формаларын киргизүү маселелери талкууланууда.
Адистердин айтымында, камсыздандыруу шарттарын, полистин артыкчылыктарын жана өзгөчө кырдаалдардан кийин берилген реалдуу төлөмдөрдүн мисалдарын айтып берүү үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин ролу чоң.
Келечек жана чакырыктар
Кыргызстандын аймактарында турак жайды камсыздандырууну өнүктүрүү комплекстүү мамилени талап кылат. Мыйзамдарды өнүктүрүүдөн тартып тарифтик саясатты жакшыртууга жана калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга чейин. Климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын санынын өсүшү шартында камсыздандыруу коргоосу ашыкча чыгым эмес, коопсуздуктун зарыл элементи болуп калууда.

Аналитиктер белгилешкендей, турак жайды камсыздандыруу маданияты канчалык эрте калыптанса, өлкө келечекте ошончолук аз социалдык-экономикалык жоготууларга туш болот. Сел, кар көчкү жана өрт сыяктуу кырсыктар байма-бай болгон аймактардын тургундары үчүн камсыздандыруу – турак жайдын жана үй-бүлөнүн каржылык туруктуулугун сактоонун эң ишенимдүү жолдорунун бири бойдон калууда.
Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында өлкөдө турак жайды камсыздандыруу боюнча жарандарга 30 млн 561 миң 946 сом төлөнүп берилген.
Жалпысынан 236 камсыздандыруу учуру катталып, анын ичинен 145 үйдө өрт кырсыгы болгон. Өрттөн келтирилген зыян үчүн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 27 млн 580 миң 319 сомду түзгөн.

Аймактар боюнча маалымат:
- Ош облусу — 62 учур, төлөмдөрдүн суммасы 10 млн 465 миң 984 сом;
- Нарын облусу — 51 учур, 1 млн 216 миң 163 сом;
- Жалал-Абад облусу — 41 учур, 7 млн 856 миң 139 сом;
- Ысык-Көл облусу — 39 учур, 1 млн 640 миң 523 сом;
- Бишкек шаары — 14 учур, 5 млн 550 миң 291 сом;
- Баткен облусу — 13 учур, 1 млн 636 миң 181 сом;
- Чүй облусу — 8 учур, 1 млн 530 миң 594 сом;
- Талас облусу — 8 учур, 666 миң 71 сом.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан боюнча турак жайлардын 28,5 пайызы гана камсыздандырылган. Ал эми турак жай фондунун олуттуу бөлүгү дагы эле камсыздандырылбаган бойдон калууда.