Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. УКМК Таластагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда ири контрабанданы аныктады.
Атайын кызматтан билдиришкендей, 15-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" пунктунда 10 млн сомдук эсепке алынбаган жана тыюу салынган товарлардын ири партиясы кармалды.
Рейд УКМК, Чек ара кызматы жана Салык кызматы тарабынан биргеликте ишке ашырылды.
Учурда мамлекеттик төлөмдөрдөн качуу жана мыйзамсыз жүгүртүү боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
УКМК товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар катуу жоопкерчиликке тартыларын эскертет.