Эбола вирусунан 5,5 миң адам каза болду: Конгодо жаңы вакцина сыналат

Дүйнө
Эбола вирусунан 5,5 миң адам каза болду: Конгодо жаңы вакцина сыналат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Конгодо Эбола вирусунун Бундибуджо түрүнө каршы иштелип чыккан эки эксперименталдык вакцинанын клиникалык сыноосу улантылып, экинчи баскычка өтөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянып, Анадолу агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эки вакцина тең сыноонун кийинки баскычына өтүүгө уруксат алган. Алардын бири ChAdOx1 деп аталат. Аны Оксфорд университети менен Индиянын институту биргелешип иштеп чыккан. Ал эми экинчи вакцинаны америкалык Moderna компаниясы даярдаган.

Сыноо 26-27-ноябрда Буниа шаарында башталат. Анын жүрүшүндө вакциналардын коопсуздугу жана адамдын организминде вируска каршы иммунитетти жаратуу жөндөмү текшерилет. Бул баскычтан ийгиликтүү өткөн вакциналар кийинки сыноого жөнөтүлүп, алардын оорудан коргоо натыйжалуулугу бааланат.

Вакциналарды сыноо иштери 23-октябрда башталган. Учурда изилдөөгө 140тан ашык адам катышууда. Кийинчерек сыноолор башка жайларда да жүргүзүлүп, көчмө медициналык топтор тартылат. Натыйжада изилдөөгө катышкандардын саны миңдеген адамга жетиши күтүлүүдө.

ДССУнун маалыматына ылайык, Эбола вирусун жуктургандардын саны 11 миң 300дөн, ал эми каза болгондор 5 миң 500дөн ашты. Учурда жума сайын 400-500 жаңы учур катталууда.

Анда эпидемияга каршы күрөшкө аймактагы коопсуздуктун начардыгы, медицина кызматкерлерине жасалган кол салуулар жана ооруну өз убагында аныктоодогу кыйынчылыктар тоскоол болуп жатканы белгиленет.