Комузчулардын республикалык сынагы өтөт

Маданият 6 октябрь 2026 15:50
Комузчулардын республикалык сынагы өтөт

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү комузчу жана күүчү Намазбек Уралиевдин 70 жылдык мааракесине карата комузчулардын республикалык ачык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, сынакка катышуу үчүн арыздар 15-октябрга чейин кабыл алынат. Тандоо туру 22-октябрда К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.

Ал эми мааракелик иш-чара жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти 24-октябрда саат 14:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.