Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Колумбияда президенттик шайлоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу Казинформ, Anadolu агенттигине шилтеме берип билдирди.
Маалыматка ылайык, Колумбиянын Улуттук шайлоо кеңеши 21-июнда өткөн президенттик шайлоодо талапкер Абелардо де ла Эсприэльяны расмий түрдө жеңүүчү деп жарыялады.
"Мекенди коргоочулар" кыймылынын талапкери Эсприэлья шайлоонун экинчи турунда 49,66 пайыз добушка ээ болуп, жеңишке жетти. Ал эми "Тарыхый пакт" коалициясынын талапкери Иван Сепеда 48,70 пайыз добуш алды.
Улуттук шайлоо кеңешинин чечими боюнча, Эсприэлья 7-августтан тарта Густаво Петронун ордуна президенттик кызматка киришет жана өлкөнү 2030-жылга чейин башкарат.
Абелардо де ла Эсприэлья 47 жашта. Ал кесиби боюнча юрист.