Колумбиядагы жер титирөө: Каза тапкандардын саны 300 адамга жакындады

Дүйнө 13 август 2026 09:35
Колумбиядагы жер титирөө: Каза тапкандардын саны 300 адамга жакындады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Колумбиядагы жер титирөөдөн улам каза тапкандардын саны 265тен ашты. Бул тууралуу Казинформ Le Figaro басылмасына шилтеме келтирип жазды.

Маалыматка ылайык, зилзаланын кесепетинен дагы миңдеген адам жаракат алды. Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Колумбиянын өкмөтү жер титирөөдө көз жумгандарды эскерүү максатында өлкөдө 3 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.

Эске салсак, 10-августта Колумбияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталган.