Колумбияда учак кырсыкка учурап, 15 адам каза болду

Дүйнө 29 январь 2026 09:30
Колумбияда учак кырсыкка учурап, 15 адам каза болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Колумбияда Beechcraft учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу Satena авиакомпаниясы билдиргенин Коммерсант гезити жазды.

Маалыматка караганда, учакта 13 жүргүнчү жана 2 экипаж мүчөсү болгон.

Жүргүнчүлөрдүн арасында Колумбия парламентинин депутаты да болгону айтылууда.

HK-4709 номерлүү учак Кукутадан Оканьяга бара жаткан. Ал радардан жоголуп кеткенден кийин издөө операциясы башталып, бирок аба ырайынан улам издөө иштери оорлошкон. Кийинчерээк учактагылардын бардыгы каза болгону кабарланды.