Бишкек, 24.03.26 /Кабар/. Колумбияда аскердик учак кулап, анын кесепетинен каза болгондордун саны 66га жетти. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Маалыматка ылайык, кырсык Пуэрто-Легисамо аймагында катталган. Каза болгондордун арасында улуттук армиянын 58 жоокери, аба-космос күчтөрүнүн 6 кызматкери жана улуттук полициянын 2 өкүлү бар.
Буга чейин 48 адам каза болгону айтылган, бирок кийинчерээк бул сан такталып, 66га жеткени ырасталды.
Аталган аскердик-транспорттук C-130 учагында жалпысынан 128 аскер кызматкери болгон.
Колумбиянын аба күчтөрүнүн билдирүүсү боюнча, учак Путумайо департаментинен учуп чыккандан көп өтпөй кулаган. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Учурда тиешелүү органдар тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.