Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Ысык-Көл электр тармактары оюндар өтө турган негизги аянтчаларды электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүздү.
Облустук электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, анын алкагында электр тармактары жаңыланып, кошумча жабдуулар орнотулуп, резервдик электр булактары даярдалды.
“Натыйжада энергетиктер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө бардык негизги объектилерди туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга толук даяр”, - деп айтылат маалыматта.