Кочкордо коррупцияга шектелген мурдагы айыл башчы кармалды

Укук тартиби Загрузка... 02 Апрель 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-04-02 at 08.55.17.jpeg

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Кочкордо коррупцияга шектелген мурдагы айыл башчы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айыл аймагында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы аталган айыл аймактын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдардын талаптарын бузган.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, 2026-жылдын 31-мартында шектүү А.Б.К. кармалды. Ал Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.