Күндө дагы эки күчтүү жарылуу катталды

Дүйнө Загрузка... 29 Апрель 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-04-29 at 07.56.30.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. Күн мурун Күндө М классына кирген эки күчтүү жарылуу болду. Бул тууралуу Федоров атындагы прикладдык геофизика институтуна таянып, Интерфакс билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде Москва убактысы боюнча саат 17:07де Күндөгү 4420 (N16W39) тактар тобунда рентген диапазонунда M1.1 класстагы жарылуу катталган. Анын узактыгы 6 мүнөткө созулган.

Окумуштуулардын билдиришинче, буга чейин саат 16:53тө дагы бир M1.6 класстагы жарылуу катталып, ал да 6 мүнөт уланган.

Андан мурда саат 15:33тө дагы бир М класстагы күчтүү жарылуу болуп, ал 23 мүнөткө созулган.

Адистердин айтымында, күн жарылуулары рентген нурлануусунун күчүнө жараша A, B, C, M жана X болуп беш категорияга бөлүнөт. М класстагы жарылуулар күчтүү болуп эсептелет жана Жерде радиобайланышка тоскоолдук жаратышы, ошондой эле геомагниттик бороондорго алып келиши мүмкүн.