Күндө чоң жарылуу болуп, плазмасы Жерге багытталууда

Дүйнө Загрузка... 17 Март 2026 11:40
WhatsApp Image 2026-03-17 at 10.58.09.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Күндө ири жарылуу катталып, орто өлчөмдөгү протуберанец (Күндөн чыккан ысык газдын бөлүгү) талкаланды. Бул Жерге багытталган плазманын көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космикалык изилдөөлөр институтуна таянып, Интерфакс билдирди.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу жакынкы күндөрү Жерде күчтүү магниттик бороондор жаралышы мүмкүн. Жарылуунун деңгээли M2.8 классына, ал эми алдыда күтүлгөн магниттик бороон G3 деңгээлине жетиши ыктымал.

Плазманын Жерге канча убакытта келе турганы азырынча так белгисиз, бирок 18-мартта жетиши мүмкүн деп болжолдонууда.

Күн жарылуулары рентген нурлануусунун кубаттуулугуна жараша A, B, C, M жана X деген класстарга бөлүнөт. M классындагы жарылуулар күчтүү болуп эсептелет жана Жерде радиосигналдарга тоскоолдуктарды жаратып, магниттик бороондорду чакырышы мүмкүн.