Күнү-түнү токтобогон өндүрүш: Кумтөрдө канча адам эмгектенет?

Экономика Загрузка... 16 Июль 2026 11:05
WhatsApp_Image_2025-08-21_at__ncIBvQI.max-1920x1080.format-webp.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунда учурда 3 миң 500дөн ашык кызматкер эмгектенет. Бул тууралуу компаниянын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы долбоорлордун ишке кириши менен адистерге болгон муктаждык өсүп, кызматкерлердин саны акыркы мезгилде көбөйгөн. Эгер мурда компанияда 3 400дөй кызматкер иштесе, азыр бул көрсөткүч 3 500дөн ашты.

"Кумтөр" алтын кени 30 жылдан ашуун убакыттан бери үзгүлтүксүз иштеп келет. Ишканада эки нөөмөт менен күнү-түнү өндүрүш жүрөт. Жыл сайын 100дөн ашык студент жана жаңы бүтүрүүчү жаш адистер практикадан өтүп, тажрыйба топтойт. Компаниядагы өндүрүш процесси чоң жамааттын эмгегине негизделген. Карьерде айдоочулар жана машинисттер кен казып, аны фабрикага жеткиришет. Фабрикада металлургдар, лаборанттар, химиктер иш алып барса, жабдууларды механиктер жана электриктер тейлейт. Мындан тышкары, кызматкерлердин жашоо-шартын камсыз кылган жатакана жана ашкана кызматкерлери да бар",- деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Металлургдар күнү жыл сайын июль айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип, бул күнү тоо-кен жана металлургия тармагында эмгектенген адистер кесиптик майрамын белгилешет.