КМТУнун күн электр станциясы "жашыл" энергетикага чоң салым кошууда – министр

Коом Загрузка... 30 Июнь 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Исхак Раззаков атындагы КМТУнун кубаттуулугу 80 киловаттык Окуу-өндүрүштүк тармактык күн электр станциясына барды.

Долбоор 2023-жылы USAIDдин каржылоосу менен ишке киргизилип, станциянын жабдууларына 86 миң 915 АКШ доллары жумшалган.

Министр жогорку окуу жайдын бул ийгилигин төмөндөгүчө баса белгиледи:

“Ар бир ЖОЖдун ийгилиги министрликтин, өлкөнүн ийгилиги болуп саналат. Бул өлкөбүздө күн энергетикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду.
Бүгүнкү күнгө чейин ал 308 миң 700 киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп, улуттук электр тармактарына сатуу аркылуу 1 миллион 364 миң 451 сом киреше ала алды.
Бул долбоордун негизги максаты – күн электр станцияларынын иштөөсүн изилдеп, алардын көйгөйлөрүн аныктоо жана чечүү жолдорун сунуштоо. Ошондой эле кайра жаралуучу энергия боюнча адистерди даярдоого, окуу материалдарын иштеп чыгууга жана чакан күн электр станцияларын курууга үлгү болууга багытталган.
Мындай долбоорлор жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө жана өлкөбүздүн энергетикалык келечегин чыңдоого чоң салым кошот”,-деп белгиледи Исаматова.

Белгилей кетсек, “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты — жетекчилердин иш күнүн жасалмалуулуксуз, эртең мененден кечке чейин коомчулукка көрсөтүү.