Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Күмүштүн дүйнөлүк баасы кезектеги төмөндөөгө учурап, бир суткага жетпеген убакыттын ичинде бир унциясы 92 доллардан 73 долларга чейин түшүп кетти. Бул тууралуу соода биржаларынын маалыматтарында айтылат.
4-февралда баалуу металлдын баасы болжол менен 10,5 пайызга өсүп, унциясы 92,02 долларды түзгөн. Бирок, андан соң төмөндөй баштаган. Төмөндөө 8,09 пайызды көрсөткөнү менен айрым учурларда 11 пайызга чейин жетти.
Баанын 90 доллардан жогору көтөрүлүшүнө чейин күмүштүн баасы 120 доллардан дээрлик 70 долларга чейин кескин төмөндөгөн болчу. Бул жагдайды эксперттер АКШ президенти Дональд Трамптын Федералдык резервдик система башчылыгына сунуштаган талапкерине карата рыноктун реакциясы, ошондой эле инвесторлордун январь айындагы тез өсүштөн кийин пайданы бекитип алуу каалоосу менен байланыштырышууда.
Эксперттердин айтымында, акыркы убакта эл жаңылыктарга өтө тез ишенип, дүрбөлөңгө түшүп жаткандыктан, алтын-күмүштүн баасы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп, туруксуз болушу жакын арада кадимки эле көрүнүш болуп калат.