Күмүштүн баасы өстү

Дүйнө Загрузка... 14 Май 2026 09:10
3bf80818-8eba-4794-a349-cc437d45b7ef.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Баалуу металлдар рыногунда күмүштүн баасы 5,18%га өсүп, унциясы 90,025 долларды түздү. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Comex биржасында күмүштүн баасы 10-марттан бери биринчи жолу унциясы үчүн 90 доллардан жогору көтөрүлдү.

Ошол эле учурда, Comex биржасында алтындын баасы 0,46%га жогорулап, унциясы 4708,4 долларды түздү.