Күмүштүн баасы рекордду жаңылап, унциясы 60 доллардан ашты

Дүйнө Загрузка... 10 Декабрь 2025 09:10
2f3bccd7-c532-4e87-aca0-355bbc419cde.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. 9-декабрда дүйнөлүк базарда күмүштүн баасы кескин өсүп, бир унциясы 60,24 долларга жетти. Күндүн ичинде баа дээрлик 3%га көтөрүлгөн. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда алтын да кымбаттап, баасы 0,4%га өсүп, унциясы 4235,9 долларды түздү.

Адистер мындай өсүштү АКШнын Федералдык резерв системасы жакын арада негизги пайыздык ченди 0,25%га төмөндөтүшү мүмкүн деген күтүүлөр менен байланыштырып жатышат. Соодагерлердин эсебинде бул чечимдин кабыл алынышынын ыктымалдыгы 89,6%.

Эгер чын эле чен төмөндөсө, анда бул үчүнчү жолку төмөндөтүү болмок.

Адистердин айтымында, чендин төмөндөшү алтын менен күмүш үчүн жакшы белги. Айрым аналитиктер алтындын баасы дагы рекорддук көрсөткүчтөргө жетиши мүмкүн деп эсептешет.

Азыр рынокто 1 унция алтын сатып алуу үчүн 71 унция күмүш керек, ал эми октябрда бул көрсөткүч 82 унцияны түзгөн.

Инвестиция адистери белгилегендей, күмүш азырынча дагы кымбаттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Себеби рынокто күмүш тартыш болууда. Эгер бул дефицит жоюлбаса, күмүштүн баасы мындан ары да өсө тургандыгы белгиленет.