Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. 20-январдагы биржа соодасында күмүш алтындын артынан рекорддук деңгээлде кымбаттады. Бул тууралуу Нью-Йорк товардык биржасынын Comex бөлүмүнүн маалыматтарында белгилүү болду.
Москва убактысы боюнча саат 12:10го карата күмүштүн баасы тарыхта биринчи жолу трой унциясы үчүн 95 доллар чегинен ашып, 95,2 долларга жетти. Муну менен мурунку соода сессиясынын жабылыш баасына салыштырмалуу өсүш 7,52 пайызды түздү.
Сооданын жүрүшүндө күмүштүн баасы эң жогорку көрсөткүч катары унциясына 95,4 долларга чейин көтөрүлгөн. Мындан мурдараак алтын баасы да өсүп, тарыхый максимумду жаңылады. Соода маалында алтындын биржалык баасы алгачкы ирет 4720 доллардан ашып, эң жогорку чегинде 4723 долларга жеткен.
Адистер жогорудагы негизги асыл металлдардын рекорддук өсүшүн дүйнөдөгү чыңалган геосаясий кырдаал менен байланыштырышууда.