ӨКМ тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу жогору экенин эскертти

Коом 1 сентябрь 2026 13:50
ӨКМ тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу жогору экенин эскертти

Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу жогору экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрдан 5-сентябрга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.