ӨКМ: Өлкө аймагында табигый мүнөздөгү кооптуу делген 11 миң 592 тилке бар

Коом Загрузка... 20 Февраль 2025 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Учурда өлкө аймагында табигый мүнөздөгү кооптуу делген 11 миң 592 тилке бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Чыңгыз Ногойбаев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан алганда бул тилкелер Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жайгашкан. Ал эми табигый мүнөздөгү кооптуу делген тилкелерде жашаган адамдардын саны 3 миң 387ни түзөт. Алардын 2 миң 500үнө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, коопсуз аймактардан жер бөлүнүп берилген.

“Бирок, тилекке каршы бул жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү негизги көйгөй бойдон калууда. Алар туулуп-өскөн жерден көчпөйбүз дешет. Анткени менен, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймактардын кооптуу экенин үзгүлтүксүз эскертип келе жатат. Азырынча майнап жок”, - деди ал.

Ал кошумчалагандай, 2024-жылы өлкөдө жалпы 447 кырсык катталып, анын кесепетинен 393 адам каза болду. Анын ичинен 133 табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар кырсыгы болсо, ал эми 314ү ар кандай мүнөздөгү кырсык окуялар. Жалпы кырсыктардын материалдык чыгымы 2 млрд 266 млн сомду түзгөн.