Климаттын өзгөрүшү Европага жүздөгөн млрд евро зыян келтирүүдө

Дүйнө 18 10 Август 2026 14:55
1786350596513754460_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Европада быйылкы рекорддук ысык жана кургакчылык энергетика, транспорт, айыл чарба жана саламаттык сактоо тармактарына олуттуу зыян келтирүүдө. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.

Экономисттердин баамында, аймактын жалпы чыгымы жүздөгөн млрд еврого жетиши мүмкүн.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Рейн жана Дунай дарыяларындагы суунун деңгээлинин төмөндөшү жүк ташууну чектеди. Ошондой эле бир катар атомдук электр станцияларында муздатуу көйгөйүнөн улам өндүрүш кыскартылып, айрымдары убактылуу токтотулду.

Аптаптуу аба ырайы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө да таасир этүүдө. Мындан тышкары, ысык эмгек өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтүп, адам өмүрүнө коркунуч жаратууда. Германияда ысыкка байланыштуу 10 миңден ашуун өлүм катталды.

Экономисттер климаттын өзгөрүшүнүн кесепети жакынкы жылдары дагы күчөшү мүмкүн экенин эскертишүүдө. Өзгөчө Түштүк Европа өлкөлөрүндө туризмдин кирешеси азайып, айыл чарбасындагы жоготуулар көбөйүшү күтүлүүдө.