Климатологдор эскертет: 2027-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болушу мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 19 Май 2026 09:10
960d3d8d-2bb6-42dd-affa-947c9ad9cc91.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. 2026-жылдын июнь айына чейин Тынч океанынын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө Эль-Ниньо — рекорддук глобалдык температурага алып келүүчү климаттык кубулуш пайда болушу мүмкүн, деп билдирет Казинформ.

Маалыматка ылайык, АКШнын Улуттук океан жана атмосфералык изилдөөлөр башкармалыгынын Климаттык божомолдоо борбору 2026-жылдын май жана июль айларынын аралыгында Эль-Ниньонун болуу ыктымалдыгы 82%ды түзөрүн белгилеген, ал эми жылдын аягына чейин 96% сакталат деп айтылууда.

Климатологдор эгер Эль-Ниньо 2026-жылдын экинчи жарымында күчөсө, 2027-жыл рекорддук ысык жыл болушу мүмкүн деп эскертишет.

"Глобалдык жылуулук тенденциясынан улам, Эль-Ниньосуз да 2026-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болуп калуу коркунучу бар. Эгер Эль-Ниньо 2026-жылдын экинчи жарымында пайда болсо, 2027-жылы рекорддук ысык жылдын болуу коркунучу жогорулайт", - деди Ирландиянын Улуттук метеорологиялык кызматынын климат боюнча адиси Тидо Семмлер.