Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда рейд өткөрдү.
Министрликтен билдиришкендей, иш-чаранын максаты автоунаалардан атмосферага зыяндуу заттардын нормадан ашык бөлүнүп чыгышын аныктоо жана мыйзам бузгандарга чара көрүү болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 234-беренесинин талаптарын бузган айдоочуларга карата протоколдор түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Маалыматта белгиленгендей, автоунаалардан чыккан коюу кара түтүн жана уулуу газдар Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептеринин бири болуп саналат. Алардын курамындагы зыяндуу заттар адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүшүнө, ошондой эле экологиялык абалдын начарлашына алып келет.