Көк бөрүнүн финалы: Күйөрмандар оюнду чыдамсыздык менен күтүп жатышат

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 09:30
Көк бөрүнүн финалы: Күйөрмандар оюнду чыдамсыздык менен күтүп жатышат
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасына күйөрмандар чогулуп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештерди күтүп жатышат. Күйөрмандар көптөн күткөн бул беттештерде Кыргызстан менен Казакстандын командалары күч сынашат.

Күйөрмандар акырындап орундуктарга жайгашып, аренанын ичинде чоң таймаштын өзгөчө маанайы сезиле баштады. Алардын маанайынан командаларды кызуу колдоп, финалдык беттештерге катуу күйөрмандык кылууга даяр экени байкалат.

Көк бөрү боюнча финалдык оюн саат 10:00дө, ал эми көкпар боюнча финал саат 12:00дө башталат.