Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрү боюнча улуттук курама командалар келди. Бул тууралуу медиа штаб билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 30-августта, Эл аралык көк бөрү федерациясы спортчулар үчүн атайын жолугушуу жана түшкү тамак уюштурду.
Иш-чарага төмөнкү өлкөлөрдүн курама командаларынын өкүлдөрү катышты:
- Кыргызстан
- Казакстан
- Өзбекстан
- Тажикстан
- Россия
- Венгрия
- АКШ
Меймандарга концерттик программа тартууланып, курама командалардын өкүлдөрүнө жана спортчуларга эстелик белектер менен бирге расмий спорттук кийимдер тапшырылды.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдешке 2-сентябрда старт берилет.