Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында 6-сентябрда өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге бардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиа штабынан билдиришти.
Учурда уюштуруучулар белгисиз адамдардан билет сатып албоого жана билети жок жарандарды атайын уюштурулган фан-зоналардан мелдештерди көрүүгө чакырат.
“Билети жок күйөрмандар үчүн Бает айылында, “Ак Марал” жана “Чайка” пансионаттарынын ортосундагы жээк тилкесинде атайын фан-зона уюштурулат. Анда көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештер чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт.
Ошондой эле финалдык оюндардын түз эфирин УТРК, ЭлТР жана Nomad телеканалдарынан, ошондой эле алардын социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан көрүүгө болот”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, “Көк бөрү” аренасына кирүү билеттин негизинде гана жүргүзүлөт. Билети жок көрүүчүлөр аренага киргизилбейт.
Уюштуруучулар күйөрмандарды билеттер сатылып бүткөнүнө байланыштуу социалдык тармактарда же башка булактарда билет сатуу боюнча жарыяларга этият мамиле кылып, шылуундарга алданып калбоого чакырат. Расмий эмес булактардан билет сатып алууга аракет кылуу шылуундарга акча каражатын алдырууга алып келиши мүмкүн.
Фан-зонанын уюштурулушу “Көк бөрү” аренасына бара албай калган күйөрмандарга финалдык мелдештерди чогуу көрүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын колдоого мүмкүнчүлүк берет.