Кипрдин ТИМ башчысы Константинос Комбос расмий сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат Загрузка... 08 Июнь 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-06-08 at 10.36.28.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Ал тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушат.

Тараптар буга чейинки эки тараптуу алаканы улантууну жана бекемдөөнү талкуулашып, 2027–2028-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюшат.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Константинос Комбос Кыргызстанга расмий иш сапардын алкагында күн мурун келген.