Кипр ТИМ башчысы Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы менен куттуктады

Саясат Загрузка... 08 Июнь 2026 15:45
WhatsApp Image 2026-06-08 at 10.36.28 (2).jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Кипрдин тышкы иштер министри Константин Комбос Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Ал бул жетишкендикти маанилүү окуя катары баалап, өлкөнүн алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле жолугушууда Жээнбек Кулубаев Кипр министринин көңүлүн Кыргызстандын Коопсуздук кеңешиндеги ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарына бурду.

Андан сырткары, Кипрдин 2026-жылдын биринчи жарымындагы Европа биримдигиндеги төрагалыгынын алкагында Кыргызстандын Европа биримдиги менен кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, кыргыз тарап Европа биримдигинин Кыргызстандагы социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууга, демократиялык институттарды чыңдоого, адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү жаатындагы демилгелерди илгерилетүүгө көрсөткөн колдоосуна жогору баа берди.

Ошол эле учурда Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин санкциялык саясатынын күчөшүнө көңүл буруп, бир тараптуу чектөө чараларынын Кыргызстандын соода-экономикалык жана каржы өнүгүүсүнө мүмкүн болуучу терс таасирине тынчсыздануусун билдирди. Ал эл аралык экономикалык жана коммерциялык байланыштарды саясатташтырууга каршы экендигин белгилеп, өз ара пайдалуу чечимдерди табуу максатында ачык диалог жүргүзүүгө кыргыз тарап даяр экенин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле туризм тармагында тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилешти.

Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2027–2028-жылдарга карата Кызматташтык программасына кол коюлду.