Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Ким Чен Ын Түндүк Кореянын Мамлекеттик иштер боюнча төрагасы болуп кайра шайланды. Бул тууралуу Известия жазды.
Маалыматка ылайык, бул чечим Пхеньян шаарында өткөн Жогорку элдик жыйынынын 15-чакырылышынын биринчи сессиясында кабыл алынган. Сессиянын биринчи күнүндө эле ал кайрадан ушул кызматка шайланган.
Ошондой эле Ким Чен Ындын жакын өнөктөштөрүнүн бири болгон Чо Ён Вон Жогорку элдик жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы болуп шайланды. Ал бул кызматта Чхве Рён Хэнин ордуна келди.