Киев көчөсүндө жөө адамдар гана жүрөт: Долбоор талкууланат

Коом Загрузка... 04 Июнь 2026 09:25
679451878_1434908888684961_7137713000688941140.width-800 (1).jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Бишкекте Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоору талкууланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара эртең, 5-июнда саат 17:00дө Чүй проспектиси, 168а дарегиндеги "Тунгуч" театрында өтөт.

Мэрия талкууга шаар тургундарын, эксперттик чөйрөнү жана бардык кызыкдар тараптарды катышууга чакырат.

Белгилей кетсек, Киев көчөсүн коомдук транспорттун кыймылы уюштурулган жөө адамдар аймагына айландыруу боюнча реконструкциялоо иштери пландалган.