Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Кениялык жөө күлүк Себастьян Саве Лондон марафонунда жеңишке жетип, дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдиргенин, Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, спортчу 42 чакырым 195 метрди 1 саат, 59 мүнөт жана 30 секундда басып өткөн. Саве мурунку рекордун 65 секундга жаңыртты.
Эфиопиялык Йомиф Кижелча 01:59.41 убакыт менен экинчи орунду ээледи. Угандалык Жейкоб Киплимо 2:00.28 убакыт менен үчүнчү орунду алды.
Аялдар арасындагы жарышта да рекорд коюлду. Эфиопиялык Тигист Ассефа марафонду 2:15.41 убакыт менен чуркап өттү.