Кениядагы сел 42 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 10 Март 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-03-10 at 16.50.28.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Кениядагы катуу селдин кесепетинен улам кеминде 42 киши каза болду. Масаи-Мара улуттук паркынан туристтер жана кызматкерлер тик учак менен эвакуацияланды. Бул тууралуу Euronews кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, 6-марттан тарта катуу жааган жамгырдан улам Мара жана Талек дарыялары ташып, көптөгөн туристтер коопсуз жерге чыгарылган.

Ошондой эле Кениянын баш калаасы Найробиде күтүүсүз сел кеминде 25 кишинин өмүрүн алып, авиа жана жол кыймылы бузулган. Автоунааларды жана турак жайларды суу каптаган. Полициянын маалыматы боюнча, каза болгондордун бир бөлүгүн суу агызып, айрымдары электр тогунан жабыркаган.

Жардам көрсөтүү үчүн аскерлер жана куткаруучулар тартылды. Издөө жана калыбына келтирүү иштеринин уланышы менен өлүмдөрдүн саны дагы да көбөйүшү мүмкүн.

Кенияда жаан-чачындын сезону февралдын аягында башталып, буга чейин дагы сел, жер көчкүлөр болуп, жүздөгөн адамдар каза болгон жана миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.