Кенияда суу ташкынынан улам 71 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 18 Март 2026 09:42
WhatsApp Image 2026-03-18 at 08.50.47.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кенияда суу ташкынынан улам 71 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктан Найроби эң көп жабыркаган аймак бойдон калууда, анда 36 адам көз жумган.

Мындан тышкары, катуу жааган жамгырдан улам келип чыккан суу ташкындары болжол менен 2600 үй-бүлөнү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз кылды. Ошондой эле инфраструктурага чоң зыян келтирилген.

Өлкө боюнча издөө-куткаруу иштери уланууда. Жакынкы күндөрү катуу жаан-чачын кайрадан жаайт деп күтүлүүдө.

Кенияда 6-марттан бери катуу жааган жамгырдан улам суу ташкыны уланууда. Коңшу Эфиопия да нөшөрлөгөн жамгырдан катуу жабыркады. Ал өлкөдө жер көчкү жана суу ташкындарынан кеминде 107 адам каза тапты.