Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Кениянын түштүгүндөгү Амбосели улуттук паркынын аймагына жакын жерде 15 пилдин табышмактуу өлүмүнө байланыштуу шашылыш иликтөө башталды. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.
Кениянын Жапайы жаратылышты коргоо кызматынын маалыматына ылайык, адистер өлгөн жаныбарларды текшерип, алардын ткандарынын үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөгө жөнөтүштү. Экспертиза өлүмдүн себеби оорубу, уулануубу же башка фактор экенин аныктайт.
Маалыматка караганда, пилдердин өлүмү 24-июндан 24-июлга чейинки аралыкта катталган. Бардык учурлар улуттук парктын сыртындагы аймактарда болгон.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, браконьерликке каршы күрөш ийгиликтүү жүрүп жаткан бул аймакта акыркы ондогон жылдарда мындай масштабдагы пилдердин өлүмү биринчи жолу катталууда. Азырынча пилдердин өлүмүнүн так себеп аныктала элек. Өлгөн пилдердин арасында ар кандай курактагы эркек жана ургачы пилдер бар болгондуктан, окуя бир гана үйүргө тиешелүү эмес экени белгиленүүдө.