Кеминде суу коргоо зонасында мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Укук тартиби 12 сентябрь 2025 18:08
546807244_122187030908341273_4392271274979479939_n.jpg
546631927_122187030854341273_1211338428880598032_n.jpg
Алдыга
Артка
546807244_122187030908341273_4392271274979479939_n.jpg
546631927_122187030854341273_1211338428880598032_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Кемин шаарында суу коргоо зонасында мыйзамсыз курулуштар аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Кемин шаарындагы суу коргоо тилкесинде текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында каналдын жээгине 1 метрден 4–8 метрге чейинки аралыкта мыйзамсыз курулган бир катар объекттер аныкталып, суу коргоо зонасынын талаптары бузулганы аныкталды. Ошондой эле айрым менчик ээлери тарабынан каналдын конструкциялары бузулуп, нормалар сакталбаганы белгиленди.

Мындан тышкары, суу коргоо зонасында металл конструкциялар орнотулуп, айрым дарактар суунун агышына тоскоолдук жаратканы да аныкталды. Комиссия мыйзам бузуу менен курулган объекттерди жоюу боюнча сунуштарды даярдап, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу чечимин кабыл алды.

Комиссиянын чечимине ылайык, мыйзамсыз курулуштарды жоюу, мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу жана тийиштүү чараларды көрүү максатында Кемин шаарынын мэриясына расмий сунуш берилди.