Кыргызстандагы жана андан тышкаркы туризм, бир кездеги кыялдардын ишке ашышы жана өлкөбүздүн кооздугу тууралуу Исландияга өзгөчө саякат багытын ачкан турагент жана гид Чыңгыз Абакиров менен маек.
– Чынгыз, айтсаңыз, канча жылдан бери Кыргызстандагы туризм тармагында турагент же гид болуп иштеп келесиз?
– Туризм тармагында 2019-жылдан бери иштейм. Ишмердүүлүк жолум Кыргызстандагы ички рынокто иштеген белгилүү туристтик компаниядан башталган. Алар өлкө боюнча көп күндүк жана бир күндүк хайкинг, экстремалдык жана жай саякаттар сыяктуу турларды уюштурчу. Мен компанияга үйрөнчүк болуп кирип, бир нече турдан кийин эле гид болуп иштей баштадым. Ал эми 2023-жылы досум экөөбүз өз компаниябызды ачтык.

– Кыргызстандыктар үчүн Исландияга алгач тур уюштурган сиз болдуңуз. Бул идея кантип пайда болду жана Исландия эмнеси менен мекендештерибизди таң калтыра алат?
– Хайкинг жана трекингди сүйгөндөр үчүн Исландия – чоң кыял. Ал жакта мөңгүлөр, шаркыратмалар, жанар тоолор, гейзерлер, лавалык талаалар, кара кумдуу жээктер өңдүү дүйнөнүн бардык сулуулугу топтолгон. Табияты ушунчалык кооз болгондуктан, кээде таптакыр башка дүйнөгө түшүп калгандай сезилет. Бул идея мурда Кыргызстандагы жеке турларыбызды уюштуруп жүргөн учурда эле пайда болгон. Эсимде, бир жолу Кел-Сууга барганыбызда мыкты компания чогулуп, ошондо эмнеге автордук турларды Исландияга уюштурууга болбойт деп ойлонгонбуз. Бул кыял эле, акыры ишке ашырып биз алгачкы турду уюштургандардын бири болдук. Биздин туристтер абдан таасирленишти. Туристтер көп жерде көрүүгө мүмкүн болбогон Исландиянын керемети аталган түндүк жаркырактарын көрүштү. Ошондой эле ал жак ысык булактары менен белгилүү мисалы, булактар үйлөрдө, мейманканаларда, сыртта да бар. Мындан тышкары, океандагы киттерди да көрүүгө болот, көптөр дал ошону көрүү үчүн Исландияга барышат.

– Кыргызстандагы кайсы жерлер бүгүнкү күндө туристтерге өтө чоң таасир калтырууда? Өзүңүздөр каттаган эң кооз деген 5 жерди атап берсеңиз?
– Кыргызстан абдан чоң туристтик потенциалга ээ. Жаратылышыбыздын кооздугу, сулуулугу боюнча биз мисалы, туризм тармагы ондогон жылдардан бери өнүккөн Исландия же Швейцария сыяктуу өлкөлөр менен атаандаша алабыз.
Менин жеке 5 мыкты деп каттаган кооз жерлерим төмөнкүлөр: Кел-Суу, Сары-Челек, бийик тоолуу Ала-Көл, Соң-Көл жана Нарын облусундагы кышкы Ара-Көл. Аны көп учурда Байкал менен салыштырышат. Көл чакан, кышында толугу менен тоңуп, муздун бетинде өзгөчө жаракалар пайда болот.

– Жакында кышкы туризм сезону башталат. Тоо лыжа базаларынан тышкары, Кыргызстан кышында туристтерге дагы эмне сунуштай алат?
– Бизде кышкы туризм акырындык менен өнүгүп жатат. Каракол, Чуңкурчак, Төө-Ашуудагы лыжа базалары жана түнкү муз тебүү өзгөчө популярдуу. Бирок, муну менен эле баары чектелбейт. Чокуларга чыгып, капчыгайларга барып, тоңгон шаркыратмаларды көрүүгө болот. Акыркы жылдары тоңгон көлдөргө баруу кызыгуу жаратып, мында туристтер уникалдуу сүрөттөрдү тартып жүрүшөт.

– Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө кандай баа бересиз?
– Пандемия ички туризмдин өнүгүүсүнө чоң түрткү берди. Чек аралар жабык учурда кыргызстандыктар өлкө ичинде активдүү саякаттай башташты. Бул чоң кадам болуп, туризм 2 – 3 жылга алдыга карай өнүктү десек болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстан активдүү өнүгүп жатат. Бизге Европа, Америка, Түштүк Кореядан туристтер келе баштады. Негизинен трекинг жана хайкингди жактыргандар, бирок булар менен эле чектелип калбайт. Бул бизди кубандырат, анткени чындыгында өлкөбүз абдан кооз жана барган сайын дүйнөдө өлкөбүздүн кооздугун билген адамдардын саны өсүүдө.