“Көчмөндөр жаңырыгы” фестивалында 21 ырчы ат салышат

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 21:30
WhatsApp Image 2026-09-01 at 18.27.07 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 18.30.39 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 18.30.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 18.30.39.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-01 at 18.27.07 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 18.30.39 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 18.30.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 18.30.39.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-ыр фестивалы өтүүдө.

Ага дүйнөнүн төрт континентинен — Европа, Азия, Америка жана Африкадан келген өлкөлөрдөн 21 конкурсант катышууда.

Маалымдалгандай, фестивалда катышуучулар жалпысынан 42 чыгармачылык номер тартуулашмакчы.

Иш-чарага Кыргызстан, Армения, Бразилия, Болгария, Казакстан, Латвия, Македония, Мексика, Молдова, Монголия, Россия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Испания, Түркия, АКШ жана Вьетнамдан келген өнөрпоздор катышууда.

“Көчмөндөр жаңырыгы” фестивалы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында уюштурулууда.

Фестиваль 4 күнгө созулуп, финалы 4-сентябрда өтөт.