Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан Кыргызстандын курама командасынын даярдыгы жогорку деңгээлде. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев Чолпон-Ата шаарында өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшү боюнча маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык спортчулар оюндар башталганга чейин окуу-машыгуу жыйындарын үзгүлтүксүз өткөрүп, мелдештерге даярдык көрүшкөн.
“Көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары буга чейин да даярдыгыбыз жакшы болуп келген. Бул жолу дагы абдан жакшы деңгээлде даярдык көрдүк. Оюндар башталганга чейин окуу-машыгуу жыйындарында машыгып келдик. Кыскача айтканда, даярдыгыбыз абдан жакшы”, — деди ал.
Ошондой эле ал спортчуларга берилүүчү медалдар тууралуу маалымат берип жатып, жалпы 3 миңге жакын спортчу үчүн медалдар даярдалганын белгиледи.
Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдары кадимки стандарттуу тегерек же төрт бурчтуу формада эмес, өзгөчө дизайнда жасалган.
“Биз медалдын дизайнын даярдоодо көчмөндөрдүн басып өткөн тарыхын эске алдык. Ошондуктан медалдар стандарттуу формада эмес, өзгөчө дизайнда жасалды”, — деди ал.
Медалдын дизайнын иштеп чыгуу үчүн даярдык иштери оюндарга 6-7 ай калганда башталып, кеңешүүлөр жана изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
“Бул идеяны өзүбүз ойлоп чыгып, жети айга жакын убакыттын ичинде изилдеп, кеңешип, ушундай чечимге келдик” — деди Ашыралиев.
Ал медалдардын салмагы болжол менен 820 граммды түзөрүн кошумчалады.