Көчмөндөр оюндары: “Жашоо жарыш” сынагында баш байгени Ош облусу алды

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 16:35
Көчмөндөр оюндары: “Жашоо жарыш” сынагында баш байгени Ош облусу алды
copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиаштабы

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында Кырчын жайлоосундагы ”Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында республикалык ”Жашоо жарыш” сынак-эстафетасынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу оюндардын медиаштабы билдирди.

Сынакка Кыргызстандын аймактарынан жана ”Кийиз дүйнө“ этно-бурчунан жалпы алты команда катышты.

Катышуучулар көчмөндөрдүн салттуу тиричилигине жана кол өнөрчүлүгүнө байланышкан тапшырмаларды аткарып, чий жасоо, ууктарды тазалоо, төшөктү тыкан жыйноо, жүн ийрүү сыяктуу өнөрлөр боюнча күч сынашты.

Сынактын жыйынтыгында баш байгеге Ош облусунун командасы ээ болду. Биринчи орунду ”Кийиз дүйнө” коомдук фонду, экинчи орунду Ысык-Көл облусунун командасы алды. Үчүнчү орун Чүй жана Нарын облустарынын командаларына ыйгарылды.

Белгилей кетсек, ”Жашоо жарыш” сынагы кыргыз элинин салттуу көндүмдөрүн жана маданий мурастарын сактоо, жайылтуу жана аларды жаш муундарга өткөрүп берүү максатында уюштурулган.