Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө жол кыймылы убактылуу өзгөрөт

Аймак 26 Август 2026 13:05
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.42.32.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. 28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу жол кыймылы убактылуу өзгөрөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чарага байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жеңил унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

"Анын алкагында Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин жол убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми жеңил унаалар үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар төмөнкү жерлерде уюштурулат:

  • Байет айылы – "Чайка" эс алуу жайы;
  • Бактуу-Долоноту айылы – ат майдан;
  • Григорьевка айылы – муниципалдык чарбанын короосу;
  • Григорьевка айылы – мектептин спорт аянтчасы;
  • Семеновка айылы – чарба короосу;
  • Ананьево айылынын түштүк тарабы;
  • Жаркынбай айылынын түштүк тарабы, кире бериш бөлүгү.

Жарандарга жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту пайдалануу сунушталат. Коомдук транспорт менен жүрүү акысыз.