Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. 2-5-сентябрь күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр санаты" эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт.
Көчмөндөр оюндарынын медиа штабынан билдиришкендей, төрт күндүк программада салттуу музыка, манасчылык жана дастанчылык өнөр, айтыш, элдик кол өнөрчүлүк жана улуттук маданияттардын үлгүлөрү тартууланат.
Фестивалдын алкагында концерттер, өнөр сынактары, мастер-класстар, улуттук кийимдердин көрсөтмөсү, салттуу оюндар, музыкалык жолугушуулар жана подкасттар уюштурулат.
Фестиваль 5-сентябрда салттуу музыка аткаруучуларынын гала-концерти, салтанаттуу жабылыш аземи жана Гран-при сыйлыгын тапшыруу менен жыйынтыкталат.