Көчмөндөр оюндары: Майыптыгы бар адамдарга ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-09-01 at 13.30.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 13.30.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 13.30.48 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 13.30.48.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-01 at 13.30.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 13.30.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 13.30.48 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-01 at 13.30.48.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүүгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери тартылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин кызматкерлер кеңеш берип, иш-чара өтүүчү жайларда багыт алууга жана жүрүп-туруу үчүн көмөк көрсөтүшөт.

"Майыптар арабасын колдонгон адамдар үчүн "Газпром" спорт комплексинде атайын транспорт уюштурулду. Ошондой эле иш-чара өтүүчү жайларда көрсөтмө белгилер орнотулуп, кызматкерлер министрликтин логотиби түшүрүлгөн атайын жилеттер менен иштеп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул чаралар майыптыгы бар адамдардын Көчмөндөр оюндарына катышуусун ыңгайлуу, жеткиликтүү жана коопсуз кылууга багытталган.

Белгилей кетсек, "Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.